Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:20

Президент К.Бакиев : 2006-жыл экономикалык өсүштүн жылы болушу керек


БИШКЕК. Аткаруу бийлик бутактары, экономикалык тармакта иштегендер ички дүң продукциясын жылына 10-12 пайызга өстүрүү боюнча бардык аракеттерди көрүшү зарыл. Бул тууралуу өлкө башчысы Курманбек Бакиев 18-январда Улуттук стратегиялык өнүгүү программасына байланыштуу маселени талкуулоодо билдирди. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы таратты. Президент 2006-2010-жылдары Кыргызстандын тез өнүгүүсү үчүн бардык шарттарды түзүп, экономикалык өнүгүүнүн бардык ресурстары бар өлкө жакыр мамлекеттердин катарында болууга жол берилбеши керектигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG