Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Ирак: тогуз киши мерт болду


Иракта бүгүн белгисиз бирөө зымсыз байланыш компаниясынын конвоюна ок ачып, 9 киши мерт кетти. Ошондой эле ИРАКНА фирмасында иштеген эки чет элдик инженер дайынсыз болууда. Ал-Жазиира телеканалы болсо барымтада отурган америкалык журналист тартылган тасманы көрсөттү. Крисчиан Саейнс Монитор басылмасынын кабарчысы Жил Кэрроллду белгисиз бирөөлөр Багдадда 7-январда уурдап кетишкен. Барымтачылар 72 саттын ичинде абактарда отурган ирактык аялдар кое берилбесе, журналисттин көзүн тазалайбыз деген ультиматум коюшту. Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаменти Вашингтон Жил Кэрроллду бошотуу үчүн бар аракетин жумшоодо деп билдирди.

XS
SM
MD
LG