Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Кыргызстан куш тумоосуна каршы чараларды күчөтөт


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү дүйнө жүзүн каптап аткан куш тумоосуна каршы чараларды күчөтүү боюнча токтомду 19- январда кабыл алды. Анда Кыргызстанда бул эпидемияга каршы дары- дармек жетишсиздиги айтылып, андыктан калкты коргоп калуу үчүн алдын алуу чараларын күчөтүү белгиленген. Куш тумоосуна каршы улуттук планда бардык мамлекеттик мекмелер даяр туруп, кокус Кыргызстан аймагында бул илдет пайда болсо чукул чараларды көрүү көрсөтүлгөн. Канаттуунун сасык тумоосу дүйнөнүн 10 өлкөсүндө аныкталды. 2003-жылдан бери Чыгыш Азияда 75 адам көз жумса, Түркияда ушул айдын ичинде төрт жаш бала каза тапты.

XS
SM
MD
LG