Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Депутаттар казак парламентинин 10 жылдыгына барып келишти


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар Казакстан парламентинин 10 жылдык мааракесине катышып келишти. Парламент төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, казактар жаңы доор менен эсептешсе, кыргыз парламентине 80 жыл болду деп айтууга болот. Казакстан парламентинин 10 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленип, ага 15 мамлекеттен келген парламенттик делегация катышты.

23- январга карата аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 23-январда Кыргызстандын аймагы боюнча мелүүн жел жүрүп турат. Кардын жаашы күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз +3...+8 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -6...-11, күндүз +2...+7 градус болот.
Республиканын Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -5...-10, күндүз +2...+7 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...+5 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -21...-26, күндүз -10...-15 градус.
Борборубуз Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -8...-10, ал эми күндүз +6...+8 градус болот.

Чолпон Орозобекова

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG