Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Жалалабаттын экс-губернатору Ж. Жээнбеков Таласка губернатор болуу тууралуу Президент сунушунан баш тартты.


БИШКЕК. Ж. Жээнбеков, бүгүн, мурда айтылгандай, Президент К. Бакиевдин кабыл алуусунда болуп чыкты. Жолугушууда Президент аны Талас областына губернатор кылып дайындоо жөнүндө сунушун билдирген. Бирок, мамлекет башчынын сунушун кабыл алуудан экс-губернатор баш тарткан. Жусупжан Жээнбеков Жалалабад облусуна элдин батасы менен өткөн жылы 15-мартта жетекчи болуп шайланганын, эми дагы аны ордуна калсын деп талап коюп жаткан элдин назарынан калгысы келбегендигин айтты. Эгер бийлик аны оппозиция катары көрсө, оппозициянын катарында болууга даяр экендигин билдирди.Бул жөнүндө ал Президенттен чыккандан кийин «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG