Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Коопсуздук кеңешинин отуруму 9-февралда болот


БИШКЕК. Анда менчикти мыйзамсыз ээлеп алуу, жер басып алуу, кылмыштуу топторго каршы күрөш сыяктуу маселелер каралат. 23-январда мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин Администрация башчысы Үсөн Сыдыков, Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов менен болгон жолугушууда Коопсуздук кеңешинин күн тартиби талкууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда Улуттук коопсуздук кызматына, Ички иштер министрлигине Коопсуздук кеңешинин 21-ноябрдагы отурумунун чечимине ылайык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү маселесинин аткарылышына байланыштуу аталган күч структураларынын жетекчилеринин отчеттору угулат. Ошондой эле Жаза аткаруу мекемелериндеги тартип, мыйзамдуулук боюнча Юстиция министри отчет берет.

XS
SM
MD
LG