Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

ЭВО МОРАЛЕС БОЛИВИЯНЫН БИРИНЧИ ИНДЕЕЦ ПРЕЗИДЕНТИ


Жекшемби күнү Боливиянын жаңы президенти Эво Моралестин тактыга отуруу салтанаты болду. Мурдакы койчу жана Боливиялык кока өстүрүүчүлөрдүн улуттук кошунунун башчысы ант берүү аземинде жергиликтүү индеецтерди дискириминациялоо токтотулат, 1520-жылы испан оторчулары басып алгандан берки индеецтерге каршы жасалган касырет иштер ашкере кылынат, коррупцияга чек коюлат деп убада берди. Салтанатта чет элдик сыйлуу коноктор жана он миңдеген боливиялыктар катышты.

Эво Моралес Боливиянын президенти болуп шайланган биринчи индеец. 46 жаштагы Моралес - аймара индеецтеринин жарды үй-бүлөсүндө туулуп, жашынан лама кайтарып, президенттик шайлоодо жеңгенге чейин өлкөнүн кока өстүрүүчүлөр союзун жетектеген. Моралес инагурация алдында өз элинин салтына ылайык индеецтердин көсөмү болуп шайланды.

9 миллион калктуу Боливия Түштүк Америкадагы эң жарды мамлекет. Акыркы төрт жылда өлкөдө беш президент алмашты.

Моралес шайлоочуларга кока өстүрүү мыйзамдаштырылат, бирок кокаин өндүрүү үчүн эмес, дыйкандар жанын багуусу үчүн өндүрүлөт деп сөз берген. Ал сөзүндө турса, президенттик маянасын эки эсе кыскартат жана байлык үчүн салык киргизет. Ошондой эле, “калкты жакырдыкка тукурган” эркин экономика саясатын өзгөртөт.

Эво Моралес Венесуэланын президенти Хуго Чавестей эле Түштүк Америкада жайылып бараткан популизмдин эң мыкты үлгүсү саналат. Континеттин эң чоң өлкөсү Бразиялиянын президенти да солчул-радикал.

Талдоочулардын айтымында, 1998-жылдан бери континенттин Түштүк Жарым шарынын төрттөн үчүндө солчул саясатчылардын бийликке келип, антиамерикалык маанайдын күчөшү калктын демократиялык революциядан жана Вашингтондун кеңеши менен жүргүзүлгөн экономикалык реформадан күткөнү акталбаганын күбөлөйт.

АКШдагы Жоржия технология институтунун Латын Америка боюнча адиси Кирк Боумэндин айтышынча:

- Латын Америкасын алсак, алардын негизги проблемасы- 1980-жылдары башталган демократиялык жараяндарга болгон ашыкча үмүтү акталбай калганында. Бул жылдары региондо экономика либералдаштырылды. Калк өкмөттү демократиялык жол менен шайлап, ага катар экономика эркин койо берилсе, экономика өнүгөт жана жашоо жакшырат деген ишенич Латын Америкада өтө күчтүү болчу.

Бирок, эл тилегендей болбоду. Тескерисинче, региондо жаатчылык капитализми тамыр жайып, бир ууч байлар менен караламан жардылар ортосундагы карама-каршылык өстү. Демократия менен экономикалык реформанын үзүрүн көрбөдүк деген эл радикал саясатчыларга үмүт артышууда. Же Вашингтондогу Тышкы байланыштар кеңешинин эксперти Жулия Свейг айым айткандай, Ак Үй администрациясы Латын Америкасында соодага, террорго жана маң заттарына каршы күрөшкө гана артыкчылык берүүсү жөнөкөй элдин турмушуна таасир этпеди.

XS
SM
MD
LG