Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Рыспек Акматбаев премьер-министр Ф. Куловду кылмышкер деп атады


БИШКЕК. 26-январда «Акипресс» маалымат агенттигинде берген маалымат жыйынында Рыспек Акматбаев өкмөт башчы Феликс Куловду кылмышкер деп атады. Ал тараткан билдирүүдө Феликс Кулов самолеттор менен аскердик техниканы саткан, согушуп жаткан Тажикстанга автоматтарды саткан, ички иштер министри болуп турган учурда Азиз Батукаевди кылмыш дүйнөсүнүн тактысына көтөрүү аземине катышып, ага жаңы жигулинин ачкычын тапшырган, бир катар адам өлтүрүүлөргө байланыштуу оор кылмыштарды жасаган Искаков менен мамилеси бар, Юсуп Колбаевди өлүмүнө тиешеси бар Качан Абдрашитовду калкалоого аракет жасаган деген маалыматтар айтылган. Рыспек Акматбаев ошондой эле анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө Феликс Куловдун тиешеси бар деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG