Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Грузиядагы энергетикалык кризис күчөп баратат


Давос шаарындагы экономикалык форумга катышкан Грузия президенти Михаил Саакашвили бүгүн мекенине эрте кайтмай болду, анткени өлкөдөгү энергетикалык кризис акыркы күндөрдө курчуп кетти. Борбор калаа Тбилиси менен Грузиянын чыгыш аймактары бүгүн электир жарыгысыз калды, анткени кардын катуу жааганынан кээ бир электир линиялары үзүлдү. Жекшемби күнү эртең менен болсо Грузияга кеткен газ куурларында Орусиянын аймагында эки жарылуу болгондон өлкө газ да албай калган. Тбилисинин айтымында, ал жарылууларды Орусиянын аскерий тыңчылары Анатолий Сысоев менен Роман Бойко деген адамдар жасаган болуш керек, анткени алар мурда дагы бир нече диверсия уюштурган.

XS
SM
MD
LG