Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:22

Алайкуу менен байланыш үзүлдү


ОШ. Облустук атуулдук коргонуу башкармалыгынын маалыматына караганда, соңку күндөрү жааган кардын кесепетинен улам Каракулжа-Алайкуу жолунун бир катар участокторунда кар көчкү жүргөндүктөн жол катнашы жабылып, электр линиясынын жана телефон байланышынын мамылары кыйрап калды. Ош облусунун губренаторунун маалымат катчысы Алишер Токсонбаев Капчыгай айыл өкмөтүнө караштуу Сарыбээ айылында чоң өлчөмдө кар көчкү жүрүп, төрт үйдү басып калгандыгын билдирди, натыйжада бир үй-бүлөдөн төрт адам каза болгон. Үч күндөн бери райондун борборунан бөлүнүп калган Алайку өрөөнүндө жайгашкан айылдардагы абал боюнча жеткиликтүү маалымат жок. Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Адам Закиров жолду ачуу боюнча тазалоо жумуштарын жүргүзүүдөгү жана куткаруу иштерин алып баруудагы тиешелүү кызматтардын аракеттерин кескин сынга алды.



Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!

31-январь жана 1-февраль күндөрү Ош, Жалалабат облустарынын тоолуу аймактарында ошондой эле Бишкек-Ош жолунун 120-136 жана 197-265 чакырым аралыктарында көчкү жүрүшү күтүлөт.

31-январда Кыргызстандын аймагы боюнча кар жаайт. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз -2...+3 градус.
Таласта түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...+2 градус болот.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5 градус.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5, күндүз +1...+3 градус болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров, Ырысбай Абдыраимов, Кубанычбек Жолдошев


Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG