Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Британ парламентинде «Кыргызстан достору» тобу түзүлөт


1-февралда Лондондо Ооганстанга байланыштуу эл аралык конференция болот. Ага Кыргызстандан тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов катышат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.60 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан конференцияда Ооганстан менен эл аралык коомчулуктун кызматташуу маселеси талкууланат. Аликбек Жекшенкулов конференция алдында Британиянын парламент мүчөлөрү менен жолугушуп, эки мамлекеттин кызматташуусун өнүктүрүү, Британ парламентинде «Кыргызстан достору» тобун түзүү маселеси боюнча пикир алмашкан.

XS
SM
MD
LG