Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Иран маселеси БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунуш кылынды


“Эгерде Ирандын өзөктүк программасы боюнча маселе Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине өткөрүлө турган болсо, анда ырасмий Тегеран бул боюнча баардык дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү токтотуп, уран байытууну кайра баштайт” деп эскертти Иран.
Бул маселе боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө беш мамлекет - АКШ, Британия, Франция, Орусия жана Кытай - кечээ Лондондогу сүйлөшүүлөрдөн кийин, “Иран маселеси Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине өткөрүлүшү керек” деген сунушун киргизишти.
Тегеран бул чечимди “негизсиз кадам” деп баалап, мындай аракеттер кризисти дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүндүгүн жокко чыгарат деп эскертти.

XS
SM
MD
LG