Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

АЖЫЛАРДЫН АЛДЫ ЖОЛГО ЧЫГЫШТЫ


Түркмөнстан өз аймагы аркылуу өтүүгө уруксат бергенден кийин кыргызстандык ажылардын алды Ирандын Мешхед шаарынан Түркмөнстанга жөнөштү.

Ирандын Мешхед шаарында топтолуп турушкан кыргызстандык зыяратчылардын документтери визага даярдалып бүтө баштагандыгын 1-февраль күнү Кыргызстандын Ирандагы элчисинин орунбасары Акыл Кылычев телефон аркылуу билдирди.

Анын айтымында документи бүткөн ажылардын алды Мешхедден Түркмөнстанга карай жолго чыгышты. Он эки, он үч топ болгон зыяратчылардын документтери каралып ырасталып жатат. Сауд Арабстандан жаңыдан автобус менен келип кошулуп жаткан зыяратчылар да бар. Ошол себептүү кыргызстандык ажылардын акыркысы Иран жергесинен толук качан чыгып кетерин айтыш кыйын.

Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Зарылбек Акматбековдун маалыматы боюнча, Мешхедде 2 миңдей ажы чогулуп турган. Орусия аркылуу кетип жаткандар да анча узай элек болсо кайтып келүүсү мүмкүн. Ошентип жалпы эсеби 3 миңге жакын кыргызстандык зыяратчылардын үйүнө кайтуусуна ыңгайлуу жол ачылды.

Түркмөнстан адегенде Кыргызстандан ажылык сапарга бараткан беш жүз адамга гана улуксат берип чектеп койгон. Анткени, элчинин айтымында, мурунку жылы Кыргызстан диний башкармалыгы эмдигиде атуулдар ажыга автобус менен барышпайт, самолётко менен барганга өтүшөт деп эскерткен экен. Ошол себептүү Түркмөнстандагы кыргыз элчилиги ал жактын өкмөтүнө ушундай расмий маалымат берген. Ажылык сапар башталарына болгону бир ай калганда автобус менен ажыга баруучу 5 миң кишини өткөрүп бергиле деп кыргыз тарап суранып чыккан. Чукул суранычка Түркмөнстан мамлекети макул болбой койгон.

-Бир жума мурда кыргызстандык ажылар Мешхедге чогулуп-келип алышканда бийлик өкүлдөрүнө мен кайрадан бардым да, кетүүгө башка жол жок экендигин, Орусия аркылуу кетишсе сууктан кырылып каларын айтып атып, зорго ынаттым,- деди Зарылбек Акматбеков.

Кыргызстандан жалпысы 5 миңдей адам ажыга кетип, самолёт менен кеткен 2 миңдей зыяратчынын эң акыркылары өткөн жумада кайтып келишкен. Автобус менен кеткендери чегара тоскоолдуктарынан жолдо кармалып, кыйынчылык көрүп жатышат.
XS
SM
MD
LG