Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:19

ӨНӨР ЖАЙЫН ӨНҮКТҮРҮҮ КЕРЕК, БИРОК КАНТИП?


Кыргызстан сыртка негизинен чийки зат чыгаруучу өлкө бойдон калууда. Өнөр жай өндүрүшү жакшы өнүкпөй, өлкө өзгөчө үмүт арткан «Кумтөр» алтын кенинин запасы азайып баратат. Энергетика тармагындагы кризис күчөгөндөн күчөп баратат. Өкмөт көмүр казып алууну көбөйтүп, энергетикалык кризистен чыгуунун жолун издөөдө.

Кыргызстандын өнөр жай, соода, туризм министри Алмаз Атамбаев өнөр жайынын абалы жылдан-жылга начарлап, өткөн жылы ал белгиленген чекке жетпей калышын буга чейин өнөр жай саясатынын болбогону менен түшүндүрөт. Быйылкы жылга ички дүң продукт көлөмүн 8% көбөйтүү ириде өнөр жай өндүрүшүнүн эсебинен жетишилмекчи. Иштеп жаткан өнөр жай ишканаларынын ишин жакшыртуу, токтоп тургандарын ишке киргизүү, жаңы заводдорду куруу алдагыдай милдетти ишке ашырууга өбөлгө түзмөкчү.

- Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөөсү 12% ашуунду түздү. Өнөр жайдын абалынын антип начарлап кетиши эң алды «Кумтөр» алтын кениндеги казып алуу иштеринин азайышына байланыштуу болду. Аны кошпогондо деле жалпы өнөр жайдын абалы 5% жакын төмөндөдү.

Өзгөчө оор абал энергетика тармагында түзүлдү. Өткөн жылы техникалык жоготуулардын көлөмү 21%, коммерциялык жоготуулардын көлөмү 36% жетти. Буга кошумча, Кыргызстандын коңшулары менен экономикалык алака-катышында айныксыз аргумент катары колдонулуп келаткан электр энергиясын жайкысын сатып алышпаса, кышкысын Токтогул суу сактагычынан сууну арбын кое беребиз принциби жакынкы жылдары суу кечпей калганы туру. Өзбекстан керектүү өлчөмдөгү сууну өз аймагында сактап калуунун аракетине киришти. Ошол себептүү эмитен кам көрүп, көмүр казып алуу тармагын өнүктүрүү зарылдыгы Өнөр жай, соода, туризм министрлигинин кенен жыйынында дагы бир ирет козголду. А.Атамбаевдин ырасташынча, он миллиондогон доллар акча коңшу өлкөлөрдөн Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алууга кетет.

- Бул проблеманы адистердин айтуусунда «Каракече» көмүрү аркылуу гана чечүүгө болот. Мындай кенди Кыргызстандын башка жеринен табыш кыйын, балким андай кен табылбайт да болуш керек. Болгону бул жерде тартип орнотуу гана керек,- дейт Алмаз Атамбаев.

«Каракече» кайгайын өкмөт башчы Феликс Кулов да козгоду.

- Бул өзү сак-саламат организмди каптай баштаган коркунучтуу шишик сымал нерсе. Ал эмне үчүн чыгып калганын жактырбасак да, себеп-жөнүн түшүнүп алган оң,- деп сыпаттады ал азыркы бийлик чече албай жаткан маселеге кайсы бир деңгээлде философиялык өң-түс берип. Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев «Каракече» кенин басып алуучулар тууралуу кыйла эле ачык оюн ортого салды.

- Бу маселеде криминалга тиешелүү несенин баары чогулган. Басып алуу, талап-тоноо, кол салуу, депутаттын өмүрүнө кол салуу – баки-жогу жыйналган. Бирөөнүн мүлкүн басып алуу бар, бул мыйзам бузуу, экстремисттик аракет турат.

Орозбек Дүйшеев өкмөттүн токтому аткарылбай, күч кызматы эмдигиче чечкиндүү кадамга баралбай, заарканып отурганына таң калганын жашырган жок.

Толгон-токой проблемалардын төөбастысында калган өнөр жай өндүрүшү өткөн жылы мамлкекет казынасына 6 миллиард сом салык төккөн. Ички дүң продукттун 16% түзгөн тармакка салыктын болгон оорчулугу түшүп жатканы бул ирет да айтылды.

- Салык жыйноочу, бажы чогултуучу органдар өндүрүшчүлөрдөн 2,5 миллиард сом бөлүп калышкан. Аны казыналык менен акча жыйноочулар ээсине кайтарып берише элек. Бул эмне карызбы? Буга чейин ушунча акчаны мамлекет алганын айтсам кооз формачан аткаминерлер шмени шылдыңдап күлүшкөн,- дейт «Дастан» акционердик коомунун жетекчиси Султан Табалдиев мурунку бийлик тушунда өндүрүшчүлөргө кандай мамиле жасалганын мисалга тартып.

Жакындан бери коңулда иштөөдөн пайда чыкпасына көзү жеткен тигүүчүлөр патент системасына өтүүгө макул болушууда. Кийим тигүүчүлөр ассоциациясынын президенти Сапарбек Асановдун маалыматына караганда, жашырын цехтин чеберлери өткөн жылы Орусияга эле 4 миллиард сомдук продукция жөнөтүшкөн. Анын жарыбаган тыйыны казынага түшүп, калганы бажы, салыкчы, ишкерлердин чөнтөгүндө калган.

XS
SM
MD
LG