Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Кыргызстандык зыяратчылар Мешхедтен Түркмөнстандын аймагына жылышты


БИШКЕК. 1-февралда Кыргызстандык зыяратчылардын алды Ирандын Мешхед шаарынан Түркмөнстанды карай автобустар менен жыла баштады. Бул тууралуу ушул эле күнү Кыргызстандын Ирандагы элчисинин орун басары Акыл Кылычев «Азаттыкка» билдирди. Анын маалыматына караганда, Мешхедке Сауд Аравиясына ажылыкка барган кыргызстандыктар дагы деле келүүдө. Учурда Тегеранда кыргыз элчилигинде 12 ажылар тобу үчүн Түркмөнстандын аймагынан өтүүгө тиешелүү документтер даярдалууда. Документтер даярдалгандан кийин алар да Түркмөнстан аркылуу Кыргызстанга жол тартышат. Жалпысынан быйыл Сауд Аравиясына Кыргызстандан зыяратчылыкка 3 миңден ашуун адам автобус менен барган. Алды менен Түркмөнстан 500 гана кыргызстандык зыяратчыга анын аймагынан өтүүгө уруксат берген.

XS
SM
MD
LG