Ливандын борбору Бейрут шаарынын алдындагы аскерлер жашаган жатакананын алдында бүгүн эртең менен бомба жарылды, бир аскер жараат алды. Жергиликтүү гезиттин жазышынча, теракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө "ал-Каида" уюму алды. Өлкөдө 2005-жылы он бешке жакын жарылуу болгон, 14-февралда андай бир теракттан Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Харири жана дагы 20 адам өлгөн.