Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Укук коргоочунун соту качан болоору белгисиз


БИШКЕК. Токмоктогу адам укугу боюнча борбордун жетекчиси Максим Кулешовдун үстүнөн арыз жазган Токмок ички иштер бөлүмүнүн начальниги өзү сотко келбей жатат. Бул тууралуу аталган бейөкмөт уюмдан билдиришти. Токмок шаарында жайгашкан бул уюм “Токмок кыйноолорго каршы” деп аталган акция өткөрүп, анда Токмоктогу убактылуу кармоочу жайларда абал тууралуу сөз болгон. Ошондон кийин Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын коопсуздук бөлүмүнүн начальниги Кошокбаев ички иштер органдарына жалаа жапты деп Кулешовду сотко берген. 2- февралга белгиленген сот арыздануучу тарап келбегендиктен болбой калды. Максим Кулешов билдиргенге караганда, кийинки сот жараяны качан болоору белгисиз.

XS
SM
MD
LG