Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Чеченстандагы жардыруудан 13 адам набыт болду


Орусиянын Чеченстан республикасында шейшембиде “Восток” деген аскерий батальондун эки-кабаттуу казармасында жардыруу болуп, имараттан эч нерсе калбады. Соңку маалыматтарга караганда, өлгөндөрдүн саны азыр 12 адамга жетти, дагы 22 киши жаракат алган. Ал жатакана республиканын борбору Грозныйдан 30 чакырымдай чыгышыраакта орун алган Курчалой кыштагында экен.
“Азырынча прокуратура жардырууга көгүлтүр газдын сызылып чыгышы себеп болгон болушу мүмкүн” деп, кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG