Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:13

Кеминдеги Орловка айылында экологиялык кырсык болушу мүмкүн


БИШКЕК. Кемин районуна караштуу Орловкадагы тоо-кен комбинатында иштетилген уулу заттардын калдыктары көмүлгөн жерге 1-2 метр жакын тыкыр көмүлгөн акыр-чикирлерди казып жаткан 2 миңге чукул адам жугуштуу ооруларга, радиацияга чалдыгышы мүмкүн. Ал жерде пайда табууну көздөгөн адамдар 7 жаштан 60 жашка чейинки жергиликтүү тургундарга акыр-чикир көмүлгөн жайды каздыртып, кремнийдин калдыктарын жана башка металлдарды арзан баада сатып алышып Бишкекке жөнөтүп жатышат. Бул Чүй облусунда чоң экологиялык кырсыкка алып келиши мүмкүн. Ал жерде радиациянын өлчөмү 10 эседен ашып кеткен. Бул тууралуу “Мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюмдардын” ассоцациясынын жетекчиси Токтоайым Үмөталиева 11-февралда “Азаттыкка” билдирди.

-Бул адамдардын бардыгы радиацияга чалдыгышат. Ал жерге инфекционный ооруканадан чыккан акыр-чикирлерди,тоо-кен комбинатынын таштандыларын көмүшкөн экен. Анын барын эксковатор менен ачышып, анан адамдар кол менен казып атышат. Инфекция жукпайт деп ким кепил боло алат. Кургак учуктун вирустары жугат. Ал эми шамал ошол жердеги топурак, чаңдарды райондун башка аймактарына алып кетип жатат. Ошол аймак экологиялык чоң катастрофага дуушар болду деп ойлойм,-деди Токтоайым Үмөталиева.

XS
SM
MD
LG