Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Ирак жаңы өкмөт-башчысын тандайт


Иракта болсо парламенттик шайлоодо утуп чыккан шийилердин блогу бүгүн жаңы премьер-министрликке кимди дайындаш керектигин талкуулап жатышат.
Бул кызматка азыркы өкмөт-башчысы Ибрахим ал-Жаафари, же вице-президент Адил Абдул-Махди тандалышы мүмкүн. Иши кылып, кимди шийилер тандаса, ошол талапкерде, башкаларга караганда, премьер болууга шансы көбүрөөк.
Жаңы парламент алгачкы жыйынында президентти тандайт. Анан мамлекет башчы министрлер кабинетин аныктайт. Кийин өкмөттүн курамын депутаттар бекитиши керек.

XS
SM
MD
LG