Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Абактагы өзбек качкындар кыргыз бийлигине нааразы эмес


БИШКЕК. Ош тергөө абагында кармалып турган өзбекстандык төрт качкын алар кармалып турган абактагы шартка нааразы эмес. Бул тууралуу “Атуулдар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова Азаттыкка билдирди. Ушул апта ичинде Төлөйкан Исмаилова, Сартбай Жачибеков баштаган укук коргоочулар Юстиция министринин уруксаты менен Ош тергөө абагына кирип чыгышты. Төлөйкан Исмаилованын айтымында, Анжиян козголоңунан кийин Кыргызстанга качып кирген бойдон абакта кармалып турган качкындар кыргыз бийлигине ыраазычылык билдиришет жана Өзбекстанга кайтарып бербөөнү суранышат. Төрт бозгун өзбек бийлиги тарабынан конституциялык түзүлүшкө каршы чыккан, мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган жана адам өмүрүнө кол салган деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG