Бул кызматка аны парламенттеги шейиттердин саясий партияларынан куралган эң чоң фракция көрсөттү. Ибрагим Жаафари азыр убактылуу өкмөттү жетектейт. Конституция боюнча Ирак парламенти президентти шайлап, ал өз кезегинде парламентке премьер-министрге татыктуу деген талапкерди сунуш кылат.