Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:49

Спорт жаңылыктары


Италиянын Турин шаарында өтүп жаткан ХХ-кышкы Олимпиада оюндарында эркектер арасында чана тебүү боюнча мелдеште буга чейинки олимпиадалык чемпион, италиялык Армин Цоггелер бул жолу да алтын медалды ээлеп алды. Экинчи орунда – орусиялык Альберт Демченко. Ал эми коло медалды латвиялык спортчу Мартиныш Рубенис алды.
Жекшембиде трамплинден секирүү мелдешинде биринчиликти норвегиялык Ларс Бюстоль алып, чемпион аталды.
“Учурда жеңип алынган медалдар боюнча биринчи орунду Кошмо Штаттары ээлеп турат. Экинчи орунда Германия, үчүнчү болуп Норвегия келатат”, - деп билдирет азыр туринде жүргөн биздин кабарчыбыз Кабыл Макеш. Анын айтымында, кыргызстандык спортчу Иван Борисов 20-февралда таймашка чыгат.

Төрөкул Дооров, Прага

XS
SM
MD
LG