Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Мухаммад пайгамбарга тартылган карикатуралардын чатагы басыла элек


Мухаммад пайгамбарга тартылган азил сүрөттөрдүн айынан мусулман дүйнөсүндөгү нааразылык акциялары жекшембиде Түркияда да өттү. Ага катышкан он миңдеген адам Даниянын желегин өрттөп, Франциянын Стамбулдагы консулдук бөлүмүнүн терезелерин таш менен сындырып, жумуртка бургап жатышты.
Ал эми Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги мечиттердин биринде жөөт экстремисттери Мухаммад пайгамбарга акаарат келтирген сөздөрдү жазып салышкан экен, ал жерде да жүздөгөн палестиндер демонстрацияга чыгышты.
Араб мамлекеттеринин Лигасынын башчысы Амр Мусса Батыш менен Чыгышты бул карикатуралардын айынан чыккан чатакты токтотуу үчүн сүйлөшүүлөргө чакырды.

XS
SM
MD
LG