Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

Салижан Жигитов акыркы сапарга узатылды


БИШКЕК. 13-февралда Кыргызстан коомчулугу белгилүү филолог жана коомдук ишмер Салижан Жигитов менен коштошту. Кыргыз драма театрынын алдында болгон аза күтүү митингисинде Салижан Жигитовдун замандаштары, достору, окуучулары Ишенбай Абдуразаков, Абдыганы Эркебаев жана башкалар сөз сүйлөп, маркумдун эмгегин, чыгармачылыгын эскеришти. Аза митингисинен кийин Жигитовдун сөөгү Аларча көрүстөнүнө коюлду. Салижан Жигитов 11-февралда 70 жашында узакка созулган кату ооруудан кийин көз жумган эле.

XS
SM
MD
LG