Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

ИРАН УРАН БАЙЫТУУНУ КАЙРА БАШТАДЫ


Жаныл Жусубжан, Прага Иран бүгүн 14-февралда) уранды байытуу боюнча айрым иштерди кайра жолго койгондугун бышыктады. Батыш байытылган уран менен Иран ядролук курал жасап жатат деп шектенип келатканы маалым. Иран ошондой эле өз уранын Орусиянын аймагында байытуу боюнча сүйлөшүү 20-февралда башталаарын жарыялады.

Ирандын Жогорку Улуттук Кеңешинин катчысынын орун басары Жавад Ваеди уранды чектелүү өлчөмдө байытуу Натанз ишканасында башталганын кабарчылар менен жолугушууда билдирди. "Натанстагы 60 миң центрифуганы толтуруш үчүн зарыл болгон көлөмдө уран жок, ошондуктан биз азырынча толук өндүрүшкө өтө элекпиз, - деди ал.

Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөргө катышып келаткан Ваеди ошондой эле Натастагы иш президент Махмуд Ахмединежаддын буйругу менен ушул айда башталганын кошумчалады. Мындан бир күн мурда Венада дипломаттар Иран уранды байыта баштаганын айтышкан эле. Ал эми 10 күн мурда Бириккен Улуттардын Атомдук энергетика агенттиги МАГАТЭ Ирандын ядролук программасын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кароосуна койгон. Ирандын Атомдук Энергетика уюмунун жетекчисинин орун басары Мохамад Саеди бүгүн кайрадан бул кадамды саясий оюн деп баалады:

Биздин ишибиз эл аралык мыйзамдарга негизделген жана азыр болуп жаткан нерселер бул мыйзамдуу эрежеге баш ийбеген саясий аракет.

Иран мурдатан эле анын иши Коопсуздук Кеңешине жиберилсе, уранды кайра байытууга киришээрин, ошондой эле Ядролук Куралды таркатпоо боюнча Кошумча Протоколдун шарттарына баш ийбей калаарын эскерткен эле. Ваеди уран байытууну токтотуу жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес экендигин белгилеп, ошол эле учурда МАГАТЭ менен кызматташттык улантылаарын билдирди.

Стокголм университетинде эл аралык мыйзам боюнча сабак берген профессор Саид Махмудинин Азаттыкка билдиришинче, уранды кайра байыта баштаган Иран эл аралык кысымга карабастан, ядролук программасын токтотууга нийеттүү эмес экендигин көрсөткүсү келет. Ошол эле убакта профессор маселени дипломатиялык жол менен жөнгө салуу дале кеч эмес деп эсептейт.

Бир эле мезгилде Тегеран өкмөтү Орусиянын аймагында уран байытуу боюнча сүйлөшүүгө даярданып жатат. Сүйлөшүү 20-февралга белгиленген. Бир эле убакта, Иран уранды өз аймагында байытууга нийеттүү. Тегерандын Маскөө менен сүйлөшүүсү алгач 13-февралга белгиленип, кийинкиге калтырылды. Иран ядролук программасы тынчтык максатты көздөй тургандыгын айтып келет, бирок Америка Кошмо Штаттары Иран тымызын ядролук курал жасап жатат деп шектенүүдө.

XS
SM
MD
LG