Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:07

ОРУС АРМИЯСЫНДА ПРОБЛЕМАЛАР КУРЧУП ТУРАТ


Нарын АЙЫП, Прага Орусиянын Челябинск шаарында жаңы жыл алдында болгон Андрей Сычевдун окуясы - орус армиясындагы проблемалар канчалык татаал жана коомго канчалык терең сиңгенин көрсөттү. Аскерий реформа ишке ашпай жатканы үчүн айрым эксперттер - мындан беш жыл мурда коргоо министри болуп дайындалган Сергей Ивановду күнөөлөдө.

Орусияда жарыяланган расмий маалыматтарга караганда, үстүбүздөгү жылдын январында эле орус армиясында эч кандай машыгуу же башка куралдуу кагылышууларга катышпастан 53 адам курман болду, алардын он үчү өздөрүн өзү өлтүргөн. 2005-жылы армияда аскерий эмес себептерден өлгөндөрдүн саны 1064кө жеткен. "Солдаттардын энелери" деп аталган бейөкмөт уюмдун маалыматына караганда болсо, курман болгондордун чын саны андан үч эсе жогору.

Жаңы жыл алдында Челябинск шаарындагы аскерий окуу жайында катардагы жоокер Андрей Сычев катуу сабалгандан, кийин анын эки буту менен жыныстык органдарын доктурлар кесип салууга аргасыз болду. Окуя тууралуу кабар 25 күндөн кийин гана ачыкка чыкты жана министр Сергей Иванов ал тууралуу алгач - ал эч кандай орчундуу окуя эмес деп билдирген. Бирок кийин министр негизинен - эмне үчүн чатак жөнүндөгү кабарды жергиликтүү аскерий бийлик Маскөөгө дароо айтпастан, 25 күн бою жашырып келген дегенге басым жасай баштады.

2001-жылы министр болуп дайындалганда, Иванов - орус армиясы муктаж реформаларды ишке ашыра турган жетекчи деп айтылып келген. Орус маалымат каражаттарында - ал аскерий эмес адам экени өзгөчө белгиленген. Чындыгында Иванов мурда КГБда иштеген жана өмүрүндө эч качан аскерий кызмат өтөгөн эмес.

Айрым экперттердин пикиринде, орус армиясындагы реформа ишке ашпай жатканына министр Иванов жооптуу. Милдеттүү аскерий кызматтын ордуна Орусияда профессионалдуу армия түзүлөт деп көп айтылып келет, бирок Ивановдун өзүнүн билдиргенине караганда, 2008-жылга карата аскерлердин үчтөн бири гана контракт боюнча кызмат өтөйт.

Азыр өлкө аскеринин жалпы саны бир милион 100 миңге жетет, бирок армияга - аскерий кызмат өтөөгө милдеттүү жаштардын тогуз гана пайызы чакырылат. Аскерден качкан учурларды азайтуу үчүн Коргоо министрлиги кээ бир аскерий жогорку окуу жайларын жабуу тууралуу да чечим кабыл алды жана ал жөнүндөгү маалыматты Иванов өткөн сентябрда жарыялаганда, коомдо бир топ каршы пикирлер айтылд

Көз карандысыз аскерий эксперт Александр Гольцтун пикиринде, жаш аскерлерди сабоо маселесине министр Сергей Иванов дагы, президент Владимир Путин дагы атайылап көңүл бурбай жатат: "Менин оюмча, Путиндин дагы, Ивановдун дагы түшүнүгүндө, азыркы түзүлүштөгү армия өтө орчундуу социалдык милдетти аткарат. Аскерге чакырылган жарандар баш ийүү салтына үйрөнүүгө тийиш. Алар - мамлекет баарынан өйдө экенине жана ал сиздин өмүрүңүздү жоопкерсиздик менен пайдалана ала турганына көнүш керек. Сиз өлсөңүз дагы, ага эч ким эч кандай жооп бербейт", - дейт Гольц.

Өткөн жылдын күзүндө Иванов вице-премьер болуп дайындалганда, айрым байкоочулар аны - келечекте президенттик үчүн күрөшө ала турган адам деп атай баштаган. Бирок акыркы окуялар анын беделин бир топ түшүрдү. Орусиянын "Коммерсант" гезитинин жазганына караганда болсо, күч колдонуучу министрликтер менен агенттиктердин жетекчилери Ивановду өтө жакшы көрө бербейт.

XS
SM
MD
LG