Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

БАКИЕВ-КУЛОВ ТАНДЕМИНИН БООСУ БОШОП БАРАТАБЫ?

Кубатбек Чекиров, Бишкек Президент Курманбек Бакиевдин россиялык «Коммерсант» гезитине Кулов жөнүндө айткан пикири бул эки лидердин тандемине кыргыз коомчулугунда пессимисттик маанайды күчөтүп таштады. Соңку убактарда булардын саясий шериктештиги эл-журтка берген убадаларын аткарбай, тымызын эрегишүүдөн башы чыкпай калды деп ансыз деле көп сынга алынып келаткан. Саясатчылардын баамында Бакиев-Кулов тандеми барган сайын боосу бошоп, ыдырап баратканы байкалат. Анткен менен байкоочулар бул тандемдин өлкөдөгү кырдаалды туруктуу сактоодо мааниси чоң экендигин танышпайт.

Президент Курманбек Бакиев «Коммерсант» гезитине берген интервьюсунда Кулов экөөнүн саясий тандеми жөнүндө суроолорго жооп берип жатып, өкмөт башчысынын түрмөдө отуруп чыккандыгын эске алуу керектигин айта кеткен. Бакиевдин пикиринде түрмөдө өткөргөн беш жыл убакыт Куловду кыйла эле өзгөртүп салган, ошол себептүү ал айрым маселелер боюнча башкача көз карашта болуп келатат. Бирок, Президент анын жаңылышып жаткандыгын айтып түшүндүрүп турат. Бакиев Кулов экөөнүн көп маселелер боюнча пикири бир экендигин, өлкөдөгү кырдаалды солкулдаткысы келген адамдар гана алардын оту күйүшпөй жаткандыгы жөнүндө сөздөрдү чыгарып жатканын белгилеген.

Байкоочулар Бакиев менен Кулов сыртынан сыр билдирбеген менен мамлекеттик орчундуу маселелер боюнча алардын позициялары түп тамырынан бери айырмаланарын айтышат. Ошол себептүү булардын тандемин саясий тилектештик деп айтууга болбойт, алардын шериктештиги Куловдун чыдамкайлыгынын эсебинен сакталып келатат, деп белгилейт Лица гезитинин редактору Бермет Букашева.

-Акматбаев, Айтбаев,Үсөнов боюнча алар бир көз карашта эмес. Бул жасалма түзүлгөн тандем. Алардын бирдиктүү саясий ишенимдери жок. Парламенттик республиканы түзүүнү алардын экөө бирдей жактабайт. Кулов «Арнамыс» партиясын түзгөндө эле парламенттик республиканы жактай турганын дароо билдирген. Ал эми Бакиев күчтүү президенттик башкарууну жактаган тарапта болуп чыгууда. Мен алардын тандеми президенттик мөөнөттүн аягына чыгарына ишенбейм,- дейт Бермет Букашева.

Бакиев-Кулов тандеми өткөн жылы президенттик шайлоонун астында, өлкө ичинен түндүк-түштүк деп экиге бөлүнүп, атуулдук согуш коркунучу чыкканда түзүлгөн. Бакиев Президент болуп шайланып, Куловго өкмөт башчысынын тизгинин карматкан. Экөө конституциялык реформа жүргүзүүнү убадалашкан. Бирок, дал ушул маселенин ишке ашпай создугуп келатканы үчүн экөөнүн тандеми байма-бай сынга кабылууда. Тандемдин алдына койгон максаттары ишке ашпай жаткандыгын аесуз сынга алып келаткандардын бири парламент төрагасы Өмүрбек Текебаев. Ал кызматынан чегингени жаткандыгы жөнүндө дүйшөмбүдө таркаткан билдирүүсүндө Бакиев менен Кулов авторитардык системаны бузуп жок кылуу боюнча убадасын унутуп койду деп дагы бир жолу баса белгилеген болчу.

Бакиев менен Куловдун өткөн жылы күздө жалпы журтка жар салган билдирүүлөрү коомчулук эсинде. Ошол сапар алар өздөрүнүн ынтымагын көрсөтүү үчүн сөзсүз түрдө эле кучакташып өбүшүү керек эместигин, аны реалдуу иш менен ырастай тургандыктарын билдиришкен.

Бакиев-Кулов саясий тандеминин натыйжалуу иштебей жаткандыгынын объективдүү дагы себептери бар экенин бир катар аналитиктер айтып келатышат.Алардын жүйөөсүндө азыркы учурда Президент менен премьер-министр тандем жөнүндө макулдашуу боюнча эмес конституцияда көрсөтүлгөн укук милдеттенмелерине таянып иш алып барышууда. Конституцияда премьер-министрдин укуктары чектелүү. Бакиев менен Куловдун мамилесиндеги айрым карама-каршылыктардын себебин ушул жактан издөө кажет, дейт саясат таануучу Алыбек Акунов:

- Конституция боюнча премьер-министрдин ыйгарым укуктары дагы эле аябай аз. Министерлерди президент көрсөтөт, Жогорку Кеңеш бекитет. Экономикалык маселелерди чечүү жагынан да премьер-министрдин укуктары абдан чектелген. Ушул себептүү тандемде көрсөтүлгөн максаттарга азыркы конституция боюнча жетишүү кыйын,- дейт Алыбек Акунов.

Аналитиктердин баамында Бакиев-Кулов саясий шериктештигинин башкы жетишкендиги болуп өлкөдө кырдаалдын туруктуу сакталып тургандыгы саналат. Саясий сахнанын башка каармандары дагы дал ушул себептүү Бакиев-Кулов тандемин сактап туруу маанилүү экендигин белгилешет.

-Тандем ушул убакка чейин өзүнүн эффективдүү экендигин көрсөтө алган жок. Анын бир гана жакшы жери бүгүнкүгө чейин стабилдүүлүктүү сакташка гана пайдасын тийгизип келатат. Ошондуктан менин оюмча, тандемди акыр аягына чейин сакташыбыз керек»,- деди Демократиялык күчтөр биримдиги коалициясынын жетекчиси, депутат Кубатбек Байболов.

Байкоочулар болжолунда Президентке орой сүйлөп алып, кызматынан кетүүгө бел байлап жаткан Текебаевдин таламын Кулов эмне үчүн талашып чыккан жок деген суроонун да жообу ушул жакта жатышы мүмкүн. Анткени, Бакиевге караганда буга чейин Текебаев менен көп орчундуу мамлекеттик маселелер боюнча саясий тилектеш болуп келген Кулов соңку билдирүүлөрү менен тандемдин кызыкчылыгын жогору коерун ырастоодо.
XS
SM
MD
LG