Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

ЕККУнун Бишкектеги өкүлү: Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү биригүү керек


БИШКЕК. Кыргызстанда стабилдүүлүк орун алды деп айтуу азырынча эртелик кылат. Эмдигиче президенттин, парламенттин, премьер-министрдин жана башка саясий күчөрдүн ортосунда саясий пикир келишпестиктер орун алууда. Мындай көз карашын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Маркус Мюллер «Акипресс» агенттигине берген интервьюсунда билдирди. Ал белгилегендей, саясий күчтөрдүн ортосундагы тирешүүлөрдүн улантылышы өлкөдөгү кырдаалдын татаалдашына алып келиши мүмкүн жана учурда өкмөттүн ичинде да, тандемдин катышуучуларынын ортосунда да пикир келишпестиктер бар. Маркус Мюллердин көз карашында саясий күчтөрдүн макулдашуусу аркылуу гана өлкөнүн биримдигин сактап калууга болот. «Бийлик үчүн күрөшүүнүн, ким күчтүүрөөк, ким лидер экендигин аныктоонун кереги жок, азыр биргелешип өлкө алдында турган маселелерди чечүү керек», - деген Маркус Мюллер.

XS
SM
MD
LG