Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

БУУнун качкындар комиссариаты президентке кайрылды


БИШКЕК. Кыргыз бийлиги Ош тергөө абагындагы төрт качкынды Өзбекстанга өткөрүп берсе эл аралык чөйрөдөгү чоң чатак чыгат. Мындай пикирин “Адилет” уюмунун лидери Чолпон Жакубова Азаттыкка билдирди. Анын пикиринде, Жогорку соттун чечими даттанууга жатпайт, андыктан Баш прокуратура алдында аларды кайтаруу маселеси турат:

- БУУнун качкындар комиссариаты аларга качкын мандатын берген. Эгер кыргыз бийлииги буга көз жуумп туруп, аларды өткөрүп берип койсо анда эл аралык коомчулук эл аралык эки конвенция бузулду деп санайт, - дейт Чолпон Жакубова.

БУУнун качкындар комиссариаты президент Курманбек Бакиевге кайрылып, өзбекстандык качкындарды ырасмий Ташкенге өткөрбөөнү суранды. Комиссариаттын басма сөз катчысы Рон Редмонд Женевада 17-февралда журналисттерге билдиргенге караганда, алар төрт качкындын тагдырына кабатырлык менен карап турушат.

XS
SM
MD
LG