БИШКЕК. Депутаттыкка ат салышуу үчүн Куршаб округдук шайлоо комиссиясына дагы үч талапкер жеке ишкер Санжарбек Кадыралиев, Баңгизатка көзөмөл агенттигинин кызматкери Медербек Алимжанов, мыйзамдуулукту коргоо жана колдоо боюнча коомдук фонддун жетекчиси Абдыкайим Кангелдиев арыз беришти. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты. №39 Куршаб шайлоо округу боюнча төрт талапкер көрсөтүлдү. №69 Балыкчы округунда да төрт талапкер арыз берип, анын үчөө катталды. Кадамжай шайлоо округу боюнча катталууга эки адам арыз берди. Аталган округдарда талапкерлерди каттоо 14-мартта аяктайт.