Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Палестин лидери Хамас уюмунан автономиянын жаңы өкмөтүн курууну суранды


Махмуд Аббас бул тууралуу Рамалла шаарында жаңы парламенттин бет ачар жыйынында айтты. Азыр палестин парламентиндеги орундардын көпчүлүгү согушчан Хамас уюмуна таандык.

Махмуд Аббас өз сөзүндө Хамас Израил менен буга чейин кол коюлган тынчтык келишимдерин таанышы жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү стратегиялык тандоо катары кабыл алыш керектигин белгиледи.

Бирок Хамастын өкүлдөрү Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү керек деген чакырыкты дароо эле четке кагышты.

Палестин автонмиясынын негизги донорлору АКШ менен Евробиримдик Хамасты террорчул уюм деп эсептейт. Эгер ал согушчан саясаттан баш тартып, Израилди таанып жана эки ортодогу азыркы тынчтык келишимдерин урматтабаса аны менен мамиле түзбөсүн, каржылык жардамды кыскартарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG