«Волгоградда бир катар партиялар менен коомдук кыймылдар бул жарыяланган материал (сүрөт – ММ) боюнча шектери бар экенин айтышты. Ошондон улам прокуратурага кйрылуу жаcалды», - дейт ал.
Мындай чечимди журналисттик уюмдар менен маскөөлүк патриархат дароо сынга алды. Аларга өлкөнүн адам укугу боюнча акыйкатчысы, башка диндер лидерлери кошулушту. Жабылган гезиттин мурдагы редактору Татьяна Каминская мурунку күнү Би-би-сиге берген маегинде окурмандар тараптан эч кандай шек санаган же сын айткан кат-арыз түшпөгөнүн белгилеген.
Агенттиктер билдиргенге караганда, ал сүрөттү орусиялык таанымал муфтий Талгат Таджуддин гана «чагым чыгарчу сүрөт» деген.
ИНТЕРФАКС агенттигине айткан жообунда православие чиркөөсүнүн коомчулук менен байланыш бөлүм жетекчиси Михаил Дудко «Шаар кабарлары» гезитин жаап салуу аша чапкандык болгонун белгилеген: «Мындай катуу санкция болушуна негиз жок. Эмне дегенде, бул жарыялоодон динге ишенгендер кандайдыр бир сезимин кордоп, тебейлеп-тепсөө болгонун көрбөйбүз».
Авторитардык режимдеги бийликтин жер-жерлердеги ээлери баарыдан мурда басма сөздү тилалчаак кылыш үчүн жаcап аткан көп аракеттердин бири деген да пикирлер бар. Орусиялык журналисттер союзунун катчысы Игорь Яковенко айтымында, «Россия Азил сүрөттөр жаңжалына мына ушундайча өзүнүн мамилесин көрсөткөн жер жүзүндө бирден бир мамлекет болуп калды», - деген.
Анализчилер чөйрөсүндө «азил сүрөттөрдөн тутанган чыр маалында европалык саясатчылар сөз эркиндигин колдой тургандыгын дароо билдиришти, орусиялык саясий төбөлдөр болсо бийликте кала турууну көздөп сөз эркиндиги кысымга алууга киришти», - деген кеп пайда болууда.
Аңгыча бул күнү Вологдадан келген кабарда, өлкөнүн түндүк батышында жайгашкан ал обулуста «Биздин аймак» аталыштагы басылманы жергиликтүү бийлик жаап салганы маалым болду. Ал гезит даниялык азил сүрөттөрдү көчүрүп басып жиберген экен. Ал басылма мурдагы баш редактору Анна Смирнова азыр тергөөгө алынып, Орусия кылмыш кодексинин 282 беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык суралып атат. Ошондон улам губернатор Вячеслав Позгалев обулуста жашаган мусулмандар алдынан кечирим сураганын мамлекеттик сыналгылар кечөө көрсөтүштү. Мурдагы баш редактор Анна Смирнова 19-февралда «Азаттыкка» айткан пикиринде редакция ал сүрөттөрдү окурмандар өздөрү көрүп, жагдайга өз алдынча баа берсин деген максат астында жарыялаганын айтты:
«Эксперттер пикири ушундай. Эмне дегенде адам өз алдынча жыйынтыкка келиши керек», - дейт «Биздин аймак» гезитинин мурдагы редактору.
Эл арасында пайда болгон дагы бир пикирде «Сөз эркиндиги – бул жоопкерчилик да эмеспи» деген да ой бар.