Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Жалалабат облусундагы Терексай ишканасы өкмөттүк жардамга муктаж


ЖАЛАЛАБАТ. Ишкана быйыл Орусияга алтыны бар 8-9 миң тонна кошулмаларды жөнөтүүгө ниеттүү. Ал кошулмалардан өндүрүлгөн алтындан өлкөгө кеминде жүз миллион сомдон ашык пайда түшүшү ыктымал. Бирок ишкананын Наманган шаарындагы базасына концентранттарды ташып өтүү үчүн өзбекстандык бажылар бир машинадан 425 доллардан талап кылышат. Кыргызстанда жүргөн өзбекстандык автоунаалар үчүн ага тиешелүү адекваттуу чаралар көрүлбөгөндүгү таң калыштуу. Мамлекет алтын комбинаттарына жумушчуларды даярдоо үчүн кесиптик-техникалык окуу жайларын да жандандыруусу зарыл. Ишканага жетишсиз болгон техникалык орто билимдүү адистерди Керекзай рудниги өз базасында камсыз кылууга мажбур болууда. Бул жөнүндө ишкананын жетекчилиги маалымдады.

Шайырбек Эркин уулу

Редактор Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG