Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Баткенде Текебаевдин кызматтан кетишине каршы митинг өттү


БАТКЕН. «Элдик ыңкылапты коргоо» уюмунун Баткен шаарындагы өкүлдөрү уюштурган бул жыйынга 20 чакты адам катышты. Митингдин катышуучулары президент Бакиев сын сөзгө чычалап, туура эмес иш жасоодо деген пикирлерин айтышты.

«Биз Бакиевди 98 пайыз добуш менен ишенип шайлаганбыз. Бирок азыр чечкиндүү иш жүргүзбөй жатат. Текебаев сын айтса неге чычалайт?»- деди эмгек ардагери Арзыкан Шүкүрова. Митингдин катышуучулары мындан сырткары президенттик администрация жетекчиси Үсөн Сыдыковдун кызматтан кетишин талап кылышып, «Бакиев да өзүн таразага салыш керек, биз Текебаевдин төрага болуп калышын каалайбыз» деген пикирлерин билдиришти.

XS
SM
MD
LG