Түркмөнстанда бүгүн президент Сапармурад Ниязовдун туулган күнү салтанаттуу белгиленди, ал алтымыш алтыга чыкты. Президентке арналып бир нече алтын жана күмүш тыйын чыгарылды, Ашгабат шаарында парад өткөрүлүп, ат чабылды. Түркмөнбашы 1985-жылдан бери бийликте.