Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Айдар Акаевди колдоп шайлоочулары митинг өткөрөт


БИШКЕК. 22-февралда Кемин районунун борборунда аталган аймактан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган Айдар Акаевди колдоо митинги өтөт. Аны Айдар акаевди коргоо комитети уюштурууда. Аталган комитеттин төрагасы Теңиз Төлөмүшовдун шейшембиде «Азаттыкка» билдиргенине караганда, анда Айдар Акаевдин шайлоочуларына жазган каты талкууланып, митингдин катышуучулары өлкөдөгү азыркы кырдаал жана бийликтин Айдар Акевге жасаган мамилеси тууралуу пикирлерин айтышат. Аталган комитет тараткан билдирүүдө Айдар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүсү үчүн коопсуздукту жана зарыл шартты камсыз кылуу өтүнүчү менен президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке жолдогон кайрылууларга эч кандай жооп болбогондуктан ушундай нааразылык акцияларына барып жатканы айтылган.
Кыргызстандын мурдагы президентинин уулу Айдар Акаев былтыркы март ыңкылабында ата-энеси менен кошо өлкөдөн чыгып кеткен. Былтыр сентябрда Жогорку Кеңеш баш прокуратуранын өтүнүчү менен Айдар Акаевден депутаттык кол тийбестик укугун алып салган.

XS
SM
MD
LG