Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Палестин президенти Махмуд Аббас Исмаил Ханияны премьер-министр кылып дайындады


Парламенттик шайлоодо жеңген “Хамастан” Газа тилкесиндеги жетекчиси Хания эми алдыдагы беш жума ичинде жаңы өкмөттү түзүшү керек. “Хамас” башка согушкер уюмдар менен коалициялык өкмөткө кирүү жөнүндө сүйлөшүп жатканы кабарланууда. Израил “Хамаска” бойкот жарыялаган, ошентсе да премьердин милдетин аткаруучу Эхуд Ольмерт “Хамастын” бийлиги күчөп баратканына карабай, Израил палестиндер менен бейпилдикте жашаарына үмүт бар деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG