Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:47

Иракта суннилер менен шийилердин жаатташуусу күч алды


Ирактын Басра шаарында түрмөгө кирип барган куралчандар абактагы 11 кишини өлтүрүп, дагы бир нече адамды туткундап кеткени кабарланды. Ал жерде отургандар сунни козголоңчулары деп шектелгендиктен, чабуул кечээ Самарадагы шийилердин ыйык жайындагы жардыруудан өч алуу максатын көздөшү мүмкүн деп айтылууда. Шаршембиде Самара шаарында шийилер аздектеген Аль-Аскария күмбөзүнө чабуул коюлуп, жардыруудан күмбөздүн алты метрдей бийик алтын төбөсү оюлуп түшкөн. Бул окуядан улам Иракта миңдеген кишилер катышкан демонстрациялар өтүп жатат, суннилердин мечиттерине чабуулдар жасалды. Ирактын президенти Жалал Талабани бузуку күчтөр өлкөдө жарандык согуш тутанткысы келет деп эскертти.

XS
SM
MD
LG