Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 02:03

Токтогул районунда мергенчиликке кетип дайынсыз жоголгон адам изделип жатат


ЖАЛАЛАБАТ. Райондун Үчтерек айыл өкмөтүнө караштуу «Зындан» участкасына чукул кырдаалдар жана экология министрлигинин Ташкөмүр шаарындагы аскер бөлүгүнүн 8 куткаруучусу менен бир техника жиберилди. Алар 16-февралда ууга кеткен бойдон табылбай жаткан Нурбек Кубатов аттуу адамды издөөнү улантышат. Аталган жерге ошол күнү бийиктиги алты, узундугу 45, кенендиги 15 метр келген 4050 чарчы метр кар көчкү түшкөн. Каракөл шаарынын 28 жаштагы тургуну мергенчиликке жолдошу менен барган. Жолдошу кар көчкү капсалаңынан араң качып кутулган. Жоголгон кишинин туугандары ал жөнүндө экология жана чукул кырдаал башкармалыгына 21-февралда кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG