Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:27

Ооган түрмөсүндөгү тополоң басыла элек


Маалыматтарга караганда, башкалаа Кабулда Пул-и- Чарки деп аталган атайын режимдеги түрмөнүн имараты полиция жана аскерлер тарабынан курчоого алынды. Ал жерде оор техника да турат. Төңкөрүш чыгаргандар түрмөнүн бир бөлүгүн ээлеп алышкан. Аталган жайда 1300дөй адам, анын ичинде "ал-Каида" менен Талибандын согушкерлери да кармалып турчу.
Тополоң ишемби күнү кечинде абактагыларга жаңы кийим таратылып жаткан кезде башталган. Абактагылардын көбү жаңы униформаны кийүүдөн баш тартышкан экен. Кагылышуу учурунда кеминде 4 киши жаракат алды.

XS
SM
MD
LG