Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:43

Кыргызстандык аялдар бычакталган кылмыштын чоо жайын Санкт-Петербург прокуратурасы иликтөөдө


БИШКЕК. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин вице-консулу Алмаз Имангазиев учурда Санкт-Петербургдагы окуянын чоо жайын иликтөөдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан 27-февралда “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда 24-февралда кечки саат тогуздар чамасында Санкт-Петербургда соода кылып жан багып жүрүшкөн Кыргызстандык эки аялды белгисиз адамдар бычактап кетишкен. Алардын бирөөсү окуя болгон жерде каза болуп, бирөөсү оор жаракат алып ооруканага жеткирилген. Буга байланыштуу Санкт-Петербург шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG