Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Ошто бир үйдөн гранатамет табылды


ОШ. Облустук ички иштер башкармалыгынын пресс кызматынын ага инспектору Жеңишбек Ашырбаевдин айтымында, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине Ош шаарынын тургуну Элвира Сайфулинанын үйүн батирге алып жашап турган тажик атуулдары ок атуучу куралдарды жана ок дарыны Тажикстандан ташып келиши мүмкүн экендиги жөнүндө оперативдүү маалымат түшкөн. Алынган маалымат боюнча оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзүшкөн милиция кызматкерлери Сайфулинанын үйүн тинтүүгө алышканда бөлүктөргө бөлүнүп жашырылган “Муха” тибиндеги гранатамет ок атуучу курал табылды. Учурда аталган окуя боюнча мыйзамсыз курал сактоо деген айыптоонун негизинде кылмыш иши козголуп, куралды ташып алып келген адамдарды издөө жана куралды колдонуу максаттарын аныктоо боюнча оперативдүү иликтөө иштери улантылууда. Оперативдүү маалыматтарга караганда, оор ок атуучу куралды Ош шаарына ташып келүүгө кызыкдар тарап Тажикстандагы белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG