Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

ОРУСИЯДА КУШ ТУМООСУ УЛУТТУН КООПСУЗДУГУНА КОРКУНУЧ ТУУДУРУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын Краснодар крайында «Тбилиси» атындагы тоок фабрикада мурунку апта ичи куш тумоосунан фабрикадагы тооктун 100 миң баштан ашууну кырылып калган. Лабораториялык текшерүүлөр Ставрополдук үч кыштак тургундары кармаган үй канаттууларында да Аш-5-Эн-1 вирусу бар экенин далилдеген. Ал илдеттин Дагстан, Калмакстан, Адыгей жумурияттарында да жайылып баратканы такталган. Дүйшөмбү күнү Кремлде өкүмөт мүчөлөрү менен болгон жолугушуусунда президент Владимир Путин куш тумоосу менен күрөшүүчү федералдык штаб түздүү керектигин белгилеп өттү. Андай түзүлүш уюшулуп анын жетекчилигине өкүмөт башчысынын орун басары Дмитрий Медведев дайындалды. Анализчилер өлкө ал жугушту оорудан тартчу кыйла түйшүк бар дешет.

Алдыңкы күнү орусиялык өкүмөт орун басары Дмитрий Медведевди куш тумоосу менен күрөшүү үчүн түзүлгөн жаңы штабга жетекчи кылып дайындашты. Андай учур мамлекеттик сыналгылардан көргөзүлдү жана андай түзүлүш президент Путиндин сунушу менен ишке ашты:

«Кыйла катаал жагдай алдыда күтүп турат. Бул маселени чечиш үчүн өкүмөт алдында атайын түзүлүш – штаб уюштурууну ылайыктуу деп эсептеймин», - деди Путин.

Анализчилер чөйрөсү «Маскөө үчүн куш тумоосу менен күрөшүү маанилүүлүгү жагынан алганда улуттук коопсуздукка коркунуч алып келчү маселеге айланганын билдирет», - дешүүдө.

Ар кайсы булак маалыматтарында бир аптанын ичинде Орусиялык беш субъекте, атап айтканда: Ставропол, Краснодар крайларында, Дагстан, Калмакстан жана Адыгей жумуриятарында куш тумоосунан үй канаттуулары кырылган. Бир эле Кубанда ал илдеттен бул күндөрү 103 миң тоок, короз, мекиян, жөжө кырылган.

Элден мурда крайда кырылып аткан канаттуулар дартынын атын жалган чума же Ньюкасл оорусу деп туура эмес койгон. Пятигордогу лаборатория баш доктуру Виктор Перепейка ушундай жыйынтык чыгарган:
«Жыл башынан бери биз 21 миңге чукул пробаны изилдөөдөн өткөрдүк. Алардын арасында Аш-5-Эн-1 жана Аш-7-Эн-1 дарттарын жуктурчу вирус табылган жок», - деген мурунку күнү «Азаттыктын» кабарчысына айткан жообунда.

Ошондой эле пробалар Маскөө алдындагы калаа Владимирдеги лабораториядан өткөндө аларда тумоосунун вирусу табылган. Аны февралдын акыркы күнү Краснодар крайынын губернатору ИТАР-ТАСС агенттигине айткан.

Анализчилер дарт жайылган тарап азырынча өлкөнүн түштүгү экенин белгилешет. Жаз кылтая баштагандан тартып Кабарда- Балкар, Чеченстан, Дагстан, Калмакстан, Адыгей жумурияттарында, Кубан, Ставропол крайларында куш тумоосунун чыгышына келгин куштар ал жерлерге кайтышы жана алардын жугуштуу дартты алыс жактардан ала келүүсү себепкер болууда дешет.

Белгилей кетчү жери, куш тумоосу аз болсо да кишиге жугаары айкын болот. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маалымдоосунда, жер жүзүндө куш тумоосу менен ооруган 173 киши эсепке алынган. Алардын ичинен 93ү өлгөн.

Адистер айтканга караганда Аш-5-Эн-1 вирус жуккан куш тийген чөпчар, жем, ава, жер, суу иши кылып ал аялдаган чөйрөнүн баарына ал дарттын жугаары айтылат.

Орусиялык маалыматтарда өлкөнүн түштүгүндөгү Азербайжан, Грузия жана Украинада ал дарттан зоопарктагы канаттуулар да кырылуу бар. Маселен Одессанын зоопаркындагы тотукуштар, кыргоолдор, кептерлер, бөдөнөлөр кырылып калган.

XS
SM
MD
LG