Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Бишкек шаардык соту өзбек атуулдарына качкын макамын ыраа көргөн жок


БИШКЕК. 2-мартта Бишкек шаардык соту Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга баш калкалап келишкен өзбекстандык атуулдар Расулжан Пирматов менен Якубжан Ташбаевге качкын макамы берилбесин деген райондор аралык сотунун өткөн жылы декабрдагы чечимин күчүндө калтырды. Өзбекстандык атуулдардын адвокаты Хурниса Махидинова бул маселе боюнча Жогорку сотко кайрыларын билдирди.
Кыргызстанга ооп келген Өзбекстандык Одилжан Рахимов менен Джахонгир Максудовго качкын макамын берүүнү суранган “Адилет” укуктук клиникасынын арызы16-фералда Жогорку сот тарабынан канааттандырылган эмес.
Сот чечимине укук коргоочулар нааразы болуп, өзбек атуулдарынын тагдыры эл аралык келишимдерге ылайык чечилбей жаткандыгын сындашууда.

XS
SM
MD
LG