Жолугушуу эртең Вена шаарында өтөт. 6-мартта болсо маселени Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик талкуулайт. Анын жайынтыгында Ирандын иши БУУнун Коопсуздук кеңешине өткөрүлүп бериши ыктымал деп айтылып келатат.
-Андай болсо Москванын сунушу ошондой чаранын алгачкы курмандыгы болуп калат, - деп билдирди бүгүн расмий Тегерандын өкүлү, Москвадагы делегациянын жетекчиси Али Ларижани. Бүгүн орус баш калаасында эки тараптуу талкуулардын кезектеги айлампасы аяктады. Москва Иран керктөөчү уранды Россиянын аймагында байытууну сунуш эткен эле. Тараптар маанилүү бир келишимге жетише алган жок.