Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

УКУК КОРГООЧУ РАДИОАКТИВДҮҮ ЖАЙДЫ КАРООСУЗ КАЛТЫРГАН БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮН ЖАЗАЛООНУ ТАЛАП КЫЛАТ


Аманбек Жапаров,Бишкек Укук коргоочу АкинТокталиев Кемин райондук администрация башчысын, райондук прокурорду, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин, республиканын башкы санитардык врачын сотко бере турган болду. Анын мындай кадамга барышына Кеминдеги Орловка айылынын жанындагы адам өмүрүнө коркунуч туудурган таштанды көмүлгөн жай кароосуз калтырылганы, ал жерди казуудан радиациянын өлчөмү 10 эсеге көбөйүп кетиши себеп болгон. Кемин райондук администрациясы өз кезегинде укук коргоочунун доосун негиз жок деп четке кагууда.

Үч айдан бери Чүй облусунун күн чыгышындагы Кемин районунда жайгашкан Орловка айылына кире бериштеги тоо тарапта таштандылар көмүлгөн жайдан монокремний, түстүү металлдардын калдыктарын казып жан баккан адамдардын саны эки миңден ашкан. Өзгөчө кырдаал министрлигиндеги адистердин айтымында, радиациянын өлчөмү кыйла өскөн. Анын кесепетинен ал жерде иштеген адамдар радиацияга кабылып ак кан, рак жана башка онкологиялык ооруларга чалдыгышы мүмкүн, деп билдирди укук коргоочу Акин Токталиев.

-Бул атайын адамга каршы жасалып аткан диверсия го деп ойлоп атам. Себеп дегенде, биз айтып атпайбызбы Искрада кагылыш, Барскоондо уулануу, Аксыда адам өлдү деп. Бул жердеги абал алардан да жаман.Бул жерди байкабаса чума башталат. Экологиялык катастрофа башталат.

Укук коргоочу белгилегендей, жергиликтүү тургундар кара курсактын айынан денсоолугуна кайдыгер карап калышкан. Алар шайлоо алдында президент Курманбек Бакиевдин Орловкадагы комбинатты иштетип, жумушчу орун менен камсыз кылам деген убадасына ишенбей калышкан.

Сегиз ай мурун президенттикке талапкер болуп келгенде Курманбек Бакиев айтыптыр, «заводду иштетип берем, 2-3 миң адам жумуш менен камсыз болот»,-деп. «Президент заводду иштетпесе да акыр-чикир көмлгөн жерди казганга мүмкүнчүлүк берди», .-деп айтышты Орловкадагы жергиликтүү тургундар.

Орловкадагы таштандылар көмүлгөн жайдагы радиация нормадан 12 эсе жогору экендигине жана санитардык нормалар бузулгандыгына байланыштуу ал аймакты тикенек зымдар менен тосуп, адамдарды киргизбөө тууралуу райондук санитардык көзөмөлдөө борборунун башкы врачы үстүбүздөгү жылдын 2-февралда буйрук чыгарган. Бирок, райондун акими Темирбек Сокеевдин колундагы маалымат такыр башка.

”Чымынды төө” кылып атышат. Ал жерде эч кандай радиация жок. Бул жердеги башкы врачты, санэпидстанцияны, граждандык коргонуунун адистерин жиберип, эл бирдеме болбосун деп, радиацияны текшерттик. Абдан тактасак радиация жок экен. Элди кеткиле, деп кетире албай койдук. Мен буйрук да чыгардым.Эл менен сүйлөшүп бул жерде радиация жок, бирок ушул жерден колуңарды жуубай тамактанып атасыңар, ооруп каласыңар кеткиле десек. Эл жаалдап туруп алды,- деди Темирбек Сокеев.

Өткөн айдын ортосунда өлкөнүн санитардык башкы врачы Людмила Штейнке да маалымат каражаттары аркылуу Орловкада радиациянын өлчөмү нормасынан жогору эмес, деп расмий билдирген.

Укук коргоочу Акин Токталиев адам өмүрүнө коркунуч келтирүүчү таштандылар көмүлгөн жайды казууга уруксат бергендиги жана убагында көзөмөлгө албагандыгы үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигин, башкы санитардык врачты, жергиликтүү бийликти, күч органдарын сотко бере тургандыгын 2-мартта “Аазттыкка” билдирди. Анын мындай кадамга барышына Кемин районунун айрым тургундарынын, бейөкмөт уюмдар ассоцациясынын кайрылуусу себеп болгон.

Людмила Штейнкенин кол алдындагы кызматкери Орловкадагы таштандылар көмүлгөн жайда 40 тан 400гө чейин радиациялык нурдануу бар деген чечимин чыгарып берип атат. Штейнке болсо радиация жок дейт. Анын актануусунун жүйөөсү бар. Эгерде ал бар десе прокуратурадан жоопко тартылып каларын билип атат. Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин өкүлү радиациянын өлчөмү бир жарым миңге чейин жетет, деп айтпадыбы. Куш тумоосу деп атпайбы, андан коркунучтуу Кемин тумоосу башталуу коркунучу бар. Көп кишилер жугуштуу оорунун арасында жүрүшүп, көбү ооруга чалдыкканын айтышууда. Мен аны сотто далилдеп берем. Кимдин кандай күнөөсү бар экендигин сотто далилдегенден кийин оооруга чалдыккандардын ар бирине компенсация төлөтүп бергенге аракет кылам,-деди Акин Токталиев.

Кемин районунун акими Темирбек Сокеев учурда Орловкадагы таштандылар төгүлгөн аймакты бульдозер менен тегиздетип, милиция кызматкерлери күзөттөп турганын билдирди. Жергиликтүү тургундардын маалымдашынча, Орловкага жакын Борду айылындагы таштандылар көмүлгөн жайды казган адамдардын катары күн санап көбөйүүдө.

XS
SM
MD
LG