Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Жогорку Кеңеш алты судьяны дайындоого макулдук берди


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин жаңыдан шайланган төрагасы Марат Султанов 3-мартта төрага катары алгачкы жыйынды алып барды. Бул күнү парламент март айында каралчу маселелердин күн тартибин бекиткен соң, жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоого макулдук берүү боюнча маселеге киришти. Добуш берүүнүн натыйжасында, судялыкка сунушталган 10 талапкердин алтоосу өтүп, төртөөсү жетиштүү добуш ала алышпады. Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмонов болсо депутаттардан өтпөй калган талапкерлерге макулдук берүү маселесине кийин дагы бир жолу кайрылып келүүнү суранды эле төрага Марат Султанов өтпөй калган талапкерлердин бул орундарга кайра сунушталышына мыйзам жол бербестигин, мыйзамга ылайык президент эки жуманын ичинде Жогорку Кеңешке жаңы талапкерлерди киргизүүгө тийиштигин түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG