Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Иран боюнча Венадагы сүйлөшүү майнапсыз аяктады


Европа жана Тегерандын өкүлдөрүнүн Ирандын өзөктүк программасынын тегерегиндеги сүйлөшүүлөрү жыйынтыксыз болду. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча чабарманы Хавьер Солана Венадагы жолугушуунун соңунда билдирди. “Тилекке каршы, бүгүн макулдашууга жетише алган жокпуз. Сүйлөшүүлөр жагымдуу, түшүнүшүү маанайында өттү, бирок кантсе да мунаса таба албадык”. Франция, Британия, Германия жана Ирандын элчилери 6-мартта МАГАТЭде Иранга каршы Коопсуздук кеңешинде санкциялар кабыл алуу талкууланаар алдында чогулган эле.

XS
SM
MD
LG