Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

ОРУСИЯ ТЕРРОРЧУ КЫЙМЫЛ ДЕП КЕЛАТКАН ПАЛЕСТИНДИК ХАМАС МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ БАРДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Палестиндик ХАМАС тобунун делегациясынын Орусияга жазаган иш сапары жекшембиде тамам болду. Делегация мүчөлөрү 5- мартта Бүткүлорусия жана Маскөөлүк патриарх Алексей Экинчинин кабылдоосунда болушту. Ортодо кептин бири Ыйык жерде жашаган христиандар абалы туурасында болгонун белгилешүүдө. ХАМАС өкүлдөрү үч күндүк иш сапарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Ал жерде орусиялык министр ал топту радикалдык көз караштан баш тартууга чакырган. Бирок делегация мүчөсүнүн бири Муса Абу Мазрук кийин «Рейтер» агенттигине берген жообуна караганда Израилди ХАМАС эми деле тааныбайт.

Канча жылдан бери кармашты башынан өткөрүп келаткан палестиндиктер дегенде анын лидери Арафатты эске келип, ХАМАС кыймылы дегенде тымызын жашырын жерде кол бомба жазаган же топ-тобу менен жанкечти даярдаган сакалчан уландар эске келет. Бул жолку өткөн парламентти шайлоодо дал ошол экстремисттик топ жеңип чыгып азыр ал кыймыл Палестин автономиясынын өкүмөтүн түзүү алдында турат. Ал күндөрү президент Путин өзү ырасмий иш сапары менен Испанияда жүргөнүнө карабай «палестин элинин тандоосун ызааттоо керек» деген тыянак менен хамасчы өкүлдөрүн Маскөөгө чакырган:

«Биз ХАМАС уюму менен байланышыбызды сактап, чукулку арада ал уюмду Маскөөгө чакыралы деген ниеттебиз», - деген болуучу Владимир Путин.

ХАМАС кыймылы кезегинде террродук уюм деп таанылгандыктан ири мамлекеттер эч кимиси аны менен азыр сүйлөшүү жүргүзгүзү келбейт экен. Аны менен байланыш түзүүдөн ал тургай Чукулку Чыгышта башкы маселенин чечилишине кызыктар: Евробиримдиги, АКШ, Израил баш тартышкан. Ошол эле учурда бул күнгө дейре ХАМАСты террордук уюм деп ырасмий оозанбай келаткан Кремлдин палестин элинин көпчүлүгү ал кыймылды колдогонго байланшытуу аны менен байланыш түзүүгө барды дешет. Саясий анализчилер болсо ал кыймыл эми Маскөөгө келүүсүн өз кызыкчылыгын дүйнөлүк коомчулукка билдирүү үчүн жумшайт деп болжоп атышкан.

Делегацияны баштап келген ХАМАС кыймылынын саясий бүйрө жетекчиси, университеттик билими бар, кесиби боюнча физик Халед Машаал жума күнү журналисттер алдында «палестин жерин басып алуусун токтотпосо Израил менен тынчтык тууралуу сүйлөшүү болбой тургандыгын» билдирип анын артынан Маскөөгө келүүдөгү максатын айтты:

«Биз Орусиянын алган жолун угуп биздин алган жолубузду билдиребиз. Маселе палестиндерде эмес маселе жерди басып алып аткан Израилде. Биз өзүбүздүн жерибиз болушун каалайбыз. Биз палестиндерге өз жерин кайтарып берилишин каалайбыз» , - деди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ортого койгон маслеттери - ХАМАС кыймылынын мындан ары «террордук актыларды токтотуп террордук топторду куралсыздандыруу, ХАМАС уставында «жөөттөрдү акыркы тукумуна дейре кыруу» деген арипти өзгөртүү, ошондой эле Израил мамлекетинин бар экенин таануу» - болгонун белгилешет. Анализчилер болжолунда Палестин автономиясынын 20 чакты адамдан турган делегациясы чындыгында сүйлөшүүгө данек болгон кепке көнбөгөндүгүн билдирип кайра атанган.

Халед Машеел ал жерде азыркы израилдик жетекчилер менен ХАМАС кыймылы эч убакта сүйлөшүүлөргө барбайт. «Он жыл Арафат сүйлөшүү жүргүзүп жүрдү эле Израил акыры Арафатты көзүн тазалап тынды», - деген ал жерде.

Чыгыштаануу институтунун жетекчилер бири Владимир Исаевдин пикири боюнча «ХАМАСты карабай коюуп, башкаларадн бөлүп таштоо ылайыктуу. Эмне дегенде чынэле алардын идеологиясы абдан коркунучтуу. Же алар менен байланыш түзүп, анын мындан ары кандай жолго түшөөрүн байкоо ылайыктуу. Кандай эволюцияга дуушарп болот. Эми ал элинин түйшүгүн моюнуна алган кези эмеспи», - дейт.

Басылмаларда орун алган пикирлерге келсек : «1997-жылы Масхадов жалпы элдик колдоо көргөзүлүп шайлоодо жеңип чыккан. Бирок Маскөө үчүн бирткеден кийин дал ошол лидерди кылмыштуу топту башкарып жүрөт деп сары изине чөп салып издөө башталбады беле? Жок, бул жерде саясий оюнда кездешчү эки жүздүүлүк турат», - деп жазат «Московский комсомолец».

Жекшемби күнү «Ал жазира» сыналгыдан көргөзүлгөн тасмада «Ал Каида» жетекчилер бири Айман Завахри мурдагы Палестин автономиясы менен Израил жетекчилери жетишилген келишимдерди ХАМАС кыймылына аларды таануудан баш тарт деп чакырды.

XS
SM
MD
LG